Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Тунистин мурдагы президенти сыртынан соттолууда


Зине Эл Абидине Бен Алиге жана анын жубайы Лейла Трабелсиге мамлекеттик каражатты ысырап кылган, арам акчаны адалдаган, баңги аткезчилиги менен шугулданган деген айыптар коюлууда. Бен Али 14-январда Сауд Арабияга качып кеткенден кийин анын ак сарайларынан 27 миллион долларлык баалуу зергер буюмдар, накталай акча, маңзаттары жана курал табылган. 74 жаштагы Бен Алиге кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган жана киши өлтүргөн деген да айыптар коюлууда. Экс-президент аларды четке кагып келет. Анын качышына алып келген Тунистеги төңкөрүш араб өлкөлөрүндөгү толкундоолорго түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG