Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Тунистин мурдагы президенти качып кеткенине өкүнүүдө


Январ айынан бери Саударавияда кала берип жаткан Зине Эл Абидине Бен Алинин жөн эле кызмат ордун таштап кетпегени, аны качууга «кол салуу болот» деп ишендирген коопсуздук кеңешчиси көндүргөнү айтылган билдирүү Бел Алинин адвокаты аркылуу жасаган билдирүүдө айтылат.

Бүгүн Турнисте башталган сотто Бен Али сыртынан соттолууда. Ага жана анын жубайы Лейла Трабелсиге мамлекеттик каражатты ысырап кылган, арам акчаны адалдаган, баңги аткезчилиги менен шугулданган деген айыптар коюлууда.

Бен Али 14-январда өлкөдөн качып кеткенден кийин анын ак сарайларынан 27 миллион долларлык баалуу зергер буюмдар, накталай акча, маң заттары жана курал табылган. 74 жаштагы Бен Алиге кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган жана киши өлтүргөн деген да айыптар коюлууда. Экс-президент аларды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG