Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Ооган финансы министри Эл аралык валюта коруна нааразы


Ооганстандын финансы министри Омар Захилвал Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу кыйын болуп баратканын билдирди. Анын алдында фонд Кабул банкы боюнча арызды канааттандырбай койгон. Бул менчик банк ооган элитасына кепилдиктерсиз жүз миллиондогон доллар кредит берип келгендиктен, былтыр банкрот боло жаздаган. Мындан улам, Эл аралык валюта фонду Ооганстанга 70 миллион доллар жардам берүүнү кечеңдетүүдө. Ооган өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин маяналарын Кабул банкы аркылуу төлөйт. Валюта фонду менен макулдашууга жетишилбесе, маяналарды төлөө үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
Ооганстан бюджетинин 40 проценти эл аралык финансылык жардамдан турат.

XS
SM
MD
LG