Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Ош менен Жалал-Абадда Жапония күндөрү өтөт


Иш-чара 21-июндан 24-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында өтөт. Анда жапон элинин байыркы жана учурдагы маданияты тааныштырылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандагы жапон элчилигинин маалымат катчысы Нурия Курманалиева билдирди.

Анын айтымында, Жапон күндөрүнүн алкагында түрдүү маданий иш-чаралар, анын ичинде тайко, кото аттуу жапон добулбастарында ойноо, айкидо өнөрү, фото көргөзмө ж.б. өткөрүлөт.

Иш-чара аталган аймактарда биринчи жолу өткөрүлө турган болууда. Аны Кыргызстандагы жапон элчилиги өткөрүп жатат. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG