Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Президенттин басма сөз кызматы сабалган журналисттер боюнча тынчсыздануу билдирди


НТС телеканалынын журналисттеринин сабалышы боюнча бүгүн президенттин басма сөз кызматы камтамачылыгын билдирди. НТС телеканалынын оператору Владимир Безбородов менен кабарчысы Чынара Сыдыкова кечээ Ош шаарында өткөн митинг учурунда ур-токмокко алынган. Дүйшөмбү күнү Ошто депутат Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери митинг уюштурган. Президенттин басма сөз кызматы бул тууралуу камтамачылыгын билдирип, тартип коргоо органдарына кайрылуу менен бул окуя боюнча дыкат тергеп-иликтөө иштерин жүргүзүүгө чакырды. “Күнөөлүлөр мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек”, -деп жазылат бүгүн таратылган билдирүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG