Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:35

Санпа окуясы боюнча өкүмдү Жогорку Cот күчүндө калтырды


Жогорку Сотто бүгүн Санпа окуясы боюнча иш каралып, буга чейинки сот чечимдери күчүндө калтырылды. Санпа окуясы боюнча 19 адам камакка алынган. Алар июнь айындагы массалык тополоңго, адам өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, райондук жана облустук сот он сегизин өмүр бою эркинен ажыратып, бирөөнү 25 жылга кескен.

Былтыр 12-13-июнь күндөрү Бишкек-Ош жолунун боюнда, Сузактагы Санпа пахта иштетүүчү заводдун жанында миңге чукул адам чогулуп, жолдо өткөн унааларга куралчан кол салышкан. Тополоңдо 16 адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголгон, 9 унаа өрттөлгөн. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG