Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 01:09

Ливиялык адаватчылардын лидери Кытайга келди


Махмуд Жибрил ливиялык козголоңчулардын Улуттук Убактылуу Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы. Ал бүгүн кечинде Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи менен кездешет. Сүйлөшүүдө Ливиядагы согушту саясый жол менен токтотуу маселеси талкуулана турганын Кытай тарап маалымдады. Февралда Ливия лидери Муаммар Каддафиге каршы куралдуу көтөрүлүш башталгандан бери Кытай бейтарап позицияда турган, Бирок акыркы мезгилде чатакты басууда арачылык кылганга умтула баштады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG