Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Греция парламенти өкмөткө ишеним көрсөттү


Греция парламенти премьер-министр Георге Папандреунун өкмөтүнө ишеним көрсөттү. Жакында кадрдык өзгөрүүлөргө туш болгон кабинетке 155 депутат колдоосун билдирди, 143 киши каршы болду, экөө калыс калды. Бюджетти үнөмдөө чаралары массалык нааразылык акцияларына, жалпы иш таштоого жана өкмөттүн ичиндеги бөлүнүп жарылууга алып келген. Папандреунун популярдуулугу кескин төмөндөдү. Үнөмдөө планы Европа биримдиги жана Эл аралык валюта фондунун талабы боюнча иштелип чыккан. Бул шарт аткарылганда гана экономикалык кризиске баткан Греция 110 миллиард евро жардам ала алат.

XS
SM
MD
LG