1941-жылы, 22-июндун таңында Германия Советтер Союзуна кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш от алган. 4 жылга созулган согуш ондогон миллион адамдын өмүрүн алып, бир даары дайынсыз жоголгон.
70 жылдыкка байланыштуу учурда Бишкектеги борбордук аянтта жаштар согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрүшүүдө. Ага КМШ аймагындагы 9 өлкөнүн жаштары катышууда. Эскерүүнү “Мир” телеканалы уюштуруп жатат.
Эскерүү иш-чарасына өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев катышаарын “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады. Мындан тышкары, “Биримдиктин арты менен келген жеңиш” аттуу тегерек үстөл өтөт. (МТо)