Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:34

БШК депутат Саматовдун жарандыгын териштирүүнү улантат


Борбордук шайлоо комиссиясы 21-июнда “Ата Журт” фракциясынан депутат Жыргалбек Саматовдун жарандыгы боюнча жыйын курду. Анда Кыргызстандын жана Орусиянын тиешелүү органдары Саматовдун жарандыгы тууралуу толук маалымат бербей жатканы айтылды. Орус тарап эл аралык нормаларга шилтеп, жарандар тууралуу өздөрү кайрылмайынча маалымат берилбей турганын айтууда.

БШКнын маалымдашынча, жыйындын соңунда депутат Саматовдун өзүнүн катышуусунда дагы бир жолу талкууга чогулуу тууралуу чечим кабыл алды. Азыр Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун да жарандыгы көп сөздөрдү жаратууда. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG