Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Ата мекендик согуштун башталышынын 70 жылдыгы эскерилди


Бишкекте бүгүн “Орус китептер үйүндө” Улуу Ата мекендик согуштун башталганынын 70 жылдыгына байланыштуу эскерүү өттү. Ага Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев, орус президенти Дмитрий Медведевдин администрациясынын өкүлү Сергей Винокуров жана эки өлкөнүн тарыхчылары, серепчилери катышты.

Атамбаев Улуу жеңишке кыргызстандыктардын салымы чоң экенин белгилеп, согушка Ала-Тоодон 300 миңден ашуун адам аттанып, алардын 100 миңдейи кайтпай калганын, тылда миңдеген адамдар иштегенин айтты. Винокуров соңку учурда Ата мекендик согушка байланыштуу ар кандай бурмаланган фактылар айтылып жатканына токтолуп, "тарыхты биргелешип сактоо зарыл" деп билдирди.

70 жылдыкка байланыштуу Бишкектеги борбордук аянтта жаштар согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрүшүүдө. Ага КМШ аймагындагы 9 өлкөнүн жаштары катышып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG