Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Өкмөт Жогорку Соттун “Мегаком” боюнча чечимин айыптады


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, Жогорку Соттун кечээ “Мегаком” боюнча чыгарган чечимин айыптады. 21-июнда Жогорку Сот талаштуу уюкфон компаниясын “БимоКом” компаниясынын пайдасына чечип берген. Ниязовдун айтымында, “БимоКом” мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин “оң колу” аталган Сергей Ким аттуу адамга таандык. “Кечээки соттук процесс “Мегакомдун” учурдагы ээси аталган “Альфа Телекомдун” өкүлдөрүсүз өттү. Соттун мындай чечими менен Кыргызстандын “Мегакомдогу” 49 пайыз үлүшү жокко чыгып жатат жана мамлекет 220-300 миллиондой чыгым тартат”, дейт Ниязов. (EBM)

XS
SM
MD
LG