Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Жыл башынан бери баңгилердин 30дай жайы жок кылынды


Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев бүгүн Бишкекте маңзаттарга каршы күрөш боюнча жыйында жыл башынан бери 30дай баңгилер чогулган жай жок кылынганын билдирди. Анын айтымында, мындай жайлар негизинен Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынан табылды. “Ооганстандан алынып келген маңзаттарды колдонуу эки эсе көбөйдү. Жыл башынан бери 28 тонна маңзат колго түштү”, дейт Турганбаев. Министрдин орун басары маңзат менен шугулдангандардын ана башчылары колго түшпөй жатканын моюнга алып, 2010-жылы ИИМде бул жаатта бөлүм кайра ачылып, иш эми жүрө баштаганын белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG