Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Бүгүн Обама Ооганстандан аскерлерди чыгаруу планын жарыялайт


Маалымат агенттиктери АКШнын президенти Барак Обама Ооганстандагы аскерлердин 5 миңи быйыл жайында чыгарылаарын айтат деп жатышат. Жалпысынан ооган жеринде азыр 100 миңдей америкалык аскер бар. Коалициялык күчтөрдүн аскерлерин мекенине кайтаруу иши 2014-жылга чейин созулмакчы. Ошондон тарта өлкөдө коопсуздукту камсыздоо иши толугу менен ооган күч органдарына өткөрүлүп берилиши керек. Бүгүн түнү боло турган телекайрылуусунда Кошмо Штаттардын президенти аскерлерди чыгаруунун жол-жобосун, маанисин түшүндүрүп берет деп күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG