Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

“Ата Журт” Отунбаеванын мөөнөтүн узартууну сунуштады


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын жыйынында фракция лидери Камчыбек Ташиев президент Роза Отунбаеванын мөөнөтүн бир жылга узартып, президенттик шайлоону кийинки жылы өткөрүүнү сунуштады. Буга шайлоо тууралуу мыйзамдын кабыл алынбай жатканын себеп кылды. Жогорку Кеңештин төрагасы, фракция мүчөсү Акматбек Келдибеков Отунбаеванын шайлоо тууралуу мыйзамга каршылык билдирген себеби түшүнүксүз экенин белгилеп, шайлоону каржылоо каршылыктын өзөгүн түзбөшү керектигин айтты.

Өткөн жумада президент Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо тууралуу мыйзам долбоорго вето коюп, кайра парламентке кайтарган болчу. Шайлоо тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынбай жаткандыктан парламент президенттик шайлоонун мөөнөтүн жарыялаганга үлгүрбөй калат деген чочулоолор айтылууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG