Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:39

Бахрейнде 8 шийи активисти өмүр бою түрмөгө кесилди


Сот быйыл жыл башында өкмөткө каршы демонстрацияларга катышкан бул адамдарды “мамлекеттик төңкөрүш” жасаганга аракет кылышкан деп тапты. Жалпысынан бүгүн 21 адамдын соту өттү. Алардын 14 гана угууга катышты, калганы сыртынан соттолду. Улуттук Сактык соту дагы 13 адамды 15 жылга түрмөгө кескен. Алардын арасында белгилүү шийи саясатчылары да бар. Калкынын басымдуу бөлүгү шийилер түзгөн Бахрейнди сунни падышалыгы жетектейт. Шийилер өздөрүнө көбүрөөк укук талап кылышкан. Бийликтер айыпталгандарды “сырттагы террористтик уюм менен байланышы бар” деп күнөөлөштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG