Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

ВВС Тажикстанда камалган кабарчысын колдогон пикет өткөрдү


Питер Хоррокс (ортодо) жана ВВСнин кабарчылары Лондондогу митингде, 22-июнь, 2011
Питер Хоррокс (ортодо) жана ВВСнин кабарчылары Лондондогу митингде, 22-июнь, 2011
Британиянын телерадио корпорациясы (BBCнин) журналисттери Тажикстанда “Хизбут-Тахрирдин” мүчөсү деген күнөө менен камалган кабарчысы Урунбай Усмоновду колдогон митинг өткөрүштү. ВВСнин жамааты Тажикстандын бийликтери мыйзамды сактап, Усмоновго адвокат жана туугандары менен жолугушууга шарт түзүп беришин талап кылды.

BBC Дүйнөлүк кызматынын директору Питер Хоррокс бүгүнкү митингде: "Биз баардык өкмөттөрдү жана бийликтерди Урунбай Усмоновго үй-бүлөсү жана адвокат менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк берилишин тажик бийликтеринен талап кылып, басым көрсөтүүгө чакырабыз", - деди.

Журналист камалгандан бир апта өткөндөн кийин гана жубайы менен көрүштүрүшкөн. Анын туугандары камакта Усмоновго орой мамиле болуп жатышы мүмкүн деп тынчсызданып жатышат. Буга чейин адам укугун коргоочулар, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, АКШ жана Британиянын бийликтери Усмоновдун абалына камтамачылык билдиришкен.

XS
SM
MD
LG