Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Клинтон Орусияда оппозициялык партияны каттабай коюшуна өкүнөт


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон орус Юстиция министрлигинин оппозициядагы жаңы партияны каттабай коюшуна байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Клинтон эми оппозициялык саясатчылар декабрдагы парламенттик шайлоого ат салышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашканын белгиледи.

“Элдик эркиндик партиясы” же кыскача ПАРНАСты мурдагы өкмөт башчы Михаил Касьянов, экс вице-премьер Борис Немцов жана бир катар башка таанымал саясатчылар түптөп, тиешелүү документтерин өткөн айда тапшырышкан. Бирок Юстиция министрлиги кагаздарда мыйзам бузуулар бар деген жүйө менен партияны каттоодон баш тартты. Немцов "Азаттыктын" орус кызматына курган маегинде бул чечимдин артында саясат турат деп билдирди.

Клинтонго чейин Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон да орус Юстиция министрлигинин чечимине байланыштуу камтамасын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG