Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Минскиде 200дөй киши кармалды


Беларус тартип коргоочулары Минскиде нааразылык чарасына чогулган адамдарды кууп таркатуу учурунда 200гө жакын кишини, бир нече журналистти, алардын арасында "Азаттыктын" беларус кызматынын кабарчысын кармап кетти. Кармалган журналисттер бир нече саатан кийин койо берилгени маалымдалууда. Күбөлөрдүн айтымында, милиция жөн эле кетип бараткан адамдарды да кармап кетип жатты. Кечээ кечинде 1 жарым миңдей киши Октябрь аянтына жакын жерге чогулушкан. Интернеттеги коомдук сайттар аркылуу уюштурулган акциянын катышуучулары үн чыкпай кол чаап турушкан. Алар аянтты курчоого алган тартип коргоочуларга жакындабоого аракеттенишкен. Ушундай эле акциялар Беларустун башка шаарларында да өттү.

XS
SM
MD
LG