Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

ЖК алдында сотторго нааразылык митинги өтүүдө


Жогорку Кеңеш имараты алдында Кыргызстандын ар аймагынан келген 50 чакты адам сот органдарынын акыйкатсыз делген чечимдерине нааразылык билдирүүдө. Алардын ар бири өздөрүнө карата соттордун адилетсиздик деп эсептеген чечимдери тууралуу маалымат каражаттарына маалымат беришүүдө. Митингге чыккандар депутаттарга кайрылып, Сот тандоочу кеңештин курамын Жогорку Кеңеш жайкы тыныгууга кеткиче бекитип берүү, мыйзам бузуу менен чыгарылылган соттордун жаңы мөөнөткө шайланышына жол бербөө, адилет сотторду шайлоо талаптарын коюуда. Эгер бул талаптар аткарылбаса элдик Курултай чакыруу демилгеси көтөрүлүп, анда элдик сотторду тандоо жүрөөрү эскертилди. Аянтта жүргөн кабарчыбыздын билдиришинче, чогулгандарга депутаттардан азырынча эч ким чыга элек.(EK)

XS
SM
MD
LG