Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:22

Улутташтырылган жайлардын мурдагы ээлери сотко кайрылды


Улутташтырылган объектилердин мурдагы ээлери Убактылуу өкмөт чыгарган декреттерди жокко чыгаруу арызы менен Бишкектин район аралык сотуна кайрылды. Арыз ээлеринин саны жыйырмага жакын экендигин Маммүлк министринин милдетин убактылуу аткаруучу Даир Кенекеев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Бул арыздар учурда Конституциялык палатанын кармагына өткөрүлүп берилүүдө.

“Өкмөт бул объектилерди улутташтырып мамлекеттин менчигине өткөрүп, аларды натыйжалуу колдонуу боюнча программа сунуштаган. Бирок ЖК тарабынан бул программаны кароо улам артка жылып келүүдө. Программа кабыл алынып калса күздө казынага 7,5 млрд. сом каражат түшүп калат.” – дейт Кенекеев. (EK)

XS
SM
MD
LG