Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Бүтүрүү кечелерине тыюу салынды


Быйыл орто мектепти бүтүрүп жаткан окуучулар саны 72 миңди түзүүдө. Билим берүү министрлигинин 1-февралдагы буйругу менен бүтүрүүчүлөргө орто билимин тастыктаган аттестаттар бүгүн мектептерде салтанаттуу түрдө тапшырылды. Ушул эле буйрукка ылайык, кечкисин мектептен тыш кафе-ресторандарда бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынды.

Быйыл Ош шаарында 2780 окуучу орто мектепти бүтүрүүдө. Коопсуздук чараларына байланыштуу Ош шаардык мэриясы 13-майда бүтүрүү кечелерине тыюу салган токтомун чыгарган.

Анткен менен Бишкек шаардык мэриясы бардык жоопкерчиликтерди өз мойнуна алып, мектепти мыкты бүтүрүп жаткан 176 окуучу үчүн кечинде салтанаттуу кече уюштурууда. (EK)

XS
SM
MD
LG