Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Кыргыз элчиси Түркия президентине ишеним грамотасын тапшырды


Түркиядагы кыргыз элчиси Эрмек Ибраимов өлкө президенти Абдулла Гүлгө ишеним грамотасын тапшырды. Иш-чара Түркиядагы элчиликтин аккредитациядан өткөндүгүнө карата президентин “Чанкая” сарайында өттү.

Ибраимов түрк президентине Отунбаева жана өкмөт башчы Атамбаев атынан дубай салам айтып, Кыргызстан Түркия менен экономикалык, саясий, аскердик, техникалык жана маданий жаатта кызматташууга дайым кызыкдар экендигин белгиледи.

Өз кезегинде президент Гүл Түркия Кыргызстандагы парламенттик башкаруу системасына байкоо салып жаткандыгын, Кыргызстанга демократиялык өнүгүү үчүн колдоо көрсөтөөрүн айтып өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. (EK)

XS
SM
MD
LG