Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Парламенттеги мечит, аэропорттогу ибадаткана


Босния-Герцеговинанын Мостар шаарындагы мечит.
Босния-Герцеговинанын Мостар шаарындагы мечит.

“Мусулман өлкөлөрүндө динзарлардын укуктары кандай камсыздалган?” дегенде, демейде дүниябий Түркия үлгү катары айтылат.

Мечит, чиркөө же ибадатканага барып, намаз окуу же чокунуу ар бир жарандын купуя иши. Дүниябий, демократиялуу мамлекеттерде түрдүү диндердин өкүлдөрүнүн эркин таат кылуусу үчүн бирдей шарт түзүлгөн.

Эли 70 миллиондон ашуун Түркия дүниябий өлкө. Элинин көпчүлүгү-мусулмандар. Алардын конституциялык укуктарын камсыздоо үчүн мамлекеттик мекемелдерде, анын ичинде окуу жайларда ибадатканалар бар.

Истамбулдагы коммерциялык университеттин профессору, илим доктору Надыр Давлеттин айтышынча:

Түркия парламентинин жыйындар залында сессия өтүүдө.
- Түркия, чынында, мусулман өлкөсү болгону менен дүниябий Конституциясы бар. Саясатчылардын да намаз окуп, чокунгандары бар. Алиге көпчүлүк мекемелерде намазканасы, мечити бар. Түркиянын парламентинде да мечити бар. Себеби депутаттардын көбү мусулмандар. Атүгүл айрым университеттерде да мечиттери бар. Бул биз үчүн жат көрүнүш эмес. Ошон үчүн Кошмо Штаттардын Бишкектеги транзиттик борборунда намазкананын ачылганы биз үчүн күтүүсүз окуя эмес.

Иранда, Ооганстанда, Малайзияда, Сауд Арабиясында жана башка ислам мамлекеттеринде да ушундай.

Пакистан - исламдын туусу астында жана ислам идеологиясынын негизинде түзүлгөн. Пакистан Конституция боюнча Ислам Республикасы болгону менен өлкөдөгү түрдүү элдердин ишеним эркиндигин сыйлаган байыстуу өлкө дейт “Машаал” радиосунун кабарчысы Мунавар Шах:

- Пакистан парламенти же Улуттук Ассамблеянын 342 мүчөсүнүн басымдуу көпчүлүгү мусулмандар. Алардын арасында христиан-тарса, индус жана синкх сыяктуу улуттук азчылыктардын да өкүлдөрү бар. Улуттук Ассамблеяда депутаттар намаз окуусу үчүн мечит бар. Улуттук азчылыктын өкүлдөрү үчүн атайын бөлүнгөн ибадаткана же буткана жок. Бирок алар таат ибадат кылууну каалашса, атайын жай бөлүнүп берээрине ишенем.

Пакистандык мусулмандар Рамадандын соңку күнүндөгү Жума намазда. Лахор шаарындагы Уазир Хан мечити. 3-сентябрь 2010
160 миллион калктуу Пакистанда аскерий бөлүктөрдө динзар жоокерлер менен офицерлердин намаз окуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Ошол эле учурда түрдүү ичимдиктерге тыйуу салынган эмес.

“Пакистан армиясынын төбөлдөрү же элитасы негизинен байыстуу, дүниябий адамдар.

Аскерий бөлүктөрдө, машыгуу борборлорунда арак-шарап ичимдиктерин ичкенге барлар жана ресторандар бар. Арак ичүүгө, өзүңүз билесиз, исламда катуу тыйуу салынган. Ошол эле мезгилде аскерлер үчүн намаз окуганга жакшы шарт түзүлгөн. Мечиттер ар бир аскерий шаарчада бар"
.

Баса, бир катар эл аралык аэропорттордо динзарлар таат кылганга атайын жайлар бөлүнгөн. Швейцариянын Цюрих шаарындагы
Ирактын Карбала шаарындагы имам Хусейндин саганасына кеткен жол.

аэропортто мусулман динзарлар намаз окуучу бөлмө бар экенин өзүм көргөм.

Кошмо Шттатардын көпчүлүк аэропортторунда жолоочулар ибадат кылуусу үчүн тынч, таза жана кенен бөлмөлөр берилген. Андай жайлар “медитация бөлмөсү” деп аталат.

"Американын көпчүлүк аэропортторунда динзарлар ибадат кылып, Кудайга сыйынчу жайлар бар, - дейт америкалык журналист Брюс Паниер. - Ал жерде христиандар, жөөттөр, мусулмандар жана медитация кылып, телмирип отурчу индус жана башка диндердин-секталардын өкүлдөрү чокунушат, же намаз окуй алышат. Азыр АКШнын бир катар аэропорттору мусулмандар үчүн намазкана же намаз окуучу бөлмө бөлүү маселесин караштырып жатат".

Бирок чейрек кылым мурда Американын аба бекеттеринде азыркыдай медитация же ибадат жасачу бөлмөлөр жок болчу.

“Бир нече жыл илгери абал башка эле. Эсимде, 30 жылдай мурда Колорадо штатындагы аэропортто Мекке кайсы тарапта деп, колтугунда жайнамаздары бар он чакты адам жолоочулардан сураштырып жатышкан экен. Кийин алар бир бурчка туруп алышып, намаз окуп жатышты. Жүргүнчүлөрдүн бир тобу аларга урмат-изат менен карап жатышса, экинчи бирөөлөр Американын ортолук бөлүгүндө бул адамдар эмне кылып жатышат деп чочугансып карап жатышты”,-деди Брюс Панниер.
XS
SM
MD
LG