Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

Казакстан Алиевди сурап Австрияга дагы кайрылды


Казакстандын Башкы прокуратурасы мурдагы элчи Рахат Алиевди өткөрүп берүүнү сурап жакынкы бир айда экинчи ирет Австрияга кайрылды. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Алиевге эки банкирди өлтүрдү деген кошумча айып тагылууда. Буга чейин оор кылмыштары үчүн деп жалпысынан сыртынан ага 40 жыл жаза чектелген. Муну Рахат Алиев саясий негизге байланыштырып келатат.
Вена соту Казакстандын экстрадициялоо сунушун эки ирет четке кагып, аны Казакстан сотунун ишти калыс караарына кепилдик жок деп негиздеген.

XS
SM
MD
LG