Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Күрддөр партиясы парламенттен баш тартат


Түркиядагы «Тынчтык жана демократия» партиясы парламенттен баш тартуу ниетинде. Мындай кадамга Түркиядагы күрддөрдүн кызыкчылыгын коргогон бул партия анын бир тарапкери Хатип Дижле депутаттык мандатынан ажырагандан кийин барууда. Кечээ Түркиянын шайлоо кеңеши мындай чечимди Дижлени террорчул аракеттер боюнча айыпталып, соттолгондугуна байланыштырып чыгарган. 12-июндагы шайлоодо «Тынчтык жана демократия» партиясынын 36 мүчөсү мандатка ээ болгон. Премьер-министр Режеп Эрдогандын партиясы жеңүүчү добуш топтогон.

XS
SM
MD
LG