Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Түркиядагы сириялык качкындардын саны 11,7 миңге жетти


Акыркы бир күндө Сириянын 1, 5 миңден ашуун жараны бийликтин куугунтуктоосунан коркуп Түркияга өтө качышты. Түркиянын жарым өкмөттүк Анадолу агенттигинин билдиришинче, чек арага чектеш Хатай провинциясындагы сириялык качкындардын саны 11 700гө жетти.
Бейшемби күнү АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон сириялык аскерлердин өлкөнүн түндүк аймагындагы өкмөткө каршы нараазылыктарды басуу боюнча өткөрүп жаткан операциясына терең тынчсыздануусун билдирген.

Түркия жана Сириянын тышкы иштер министрлери чек арадагы кырдаалды телефон аркылуу талкуулашканын ырасмий Анкара билдирди.

XS
SM
MD
LG