Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Евробиримдик ирандык үч генералга санкция жарыялады


Европа биримдиги Иран ыңкылабынын сакчылары корпусунун үч жетекчисине каршы санкция жарыялады. Катаал чара алардын Сириядагы нараазылык акцияларды басууга материалдык жана саясий колдоо көрсөткөнү үчүн киргизилди.

Бул чечимге ылайык, ирандык куралдуу күчтөрүнүн баш командачысы Мухаммад Али Жафари, "Кудс" деп аталган атайын күчтөрдүн саркери Касем Сулмймани жана "Кудстун" чалгындоо кызматынын орун басар башчысы Хусейн Таеб Евробиримдикке бара албайт жана алардын бул өлкөлөрдө мүлк-дүйнөсү болсо, камакка алынат. Бул тизмеге сириялык үч чиновник да киргизилди. Мурда мындай чара президент Ассад башындагы мартабалуу 30 аткаминерге каршы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG