Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Мурдагы премьер-министр Тимошенконун соту башталды


Киев шаарында Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун соту башталды. Тимошенко 2009-жылы Орусия менен түзгөн газ келишими бюджетке 190 миллион доллар чыгым келтирген деп айыпталууда. Эгер Тимошенконун күнөөсү далилденсе, жети жылдан он жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Юлия Тимошенко 2004-жылкы "Саргылтым ынкылаптын" лидерлеринин бири. Ал былтыркы президенттик шайлоодо Виктор Януковичке чоң эмес айырма менен жеңилип калган жана сот жараянын саясый жүйөдөн улам уюштурулууда деп санайт.

Тимошенконун жүздөгөн тарапкерлери сот имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG