Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Сазга тарткан кумар оюндары


Бишкекте кумар оюндарына каршы акция өттү. Акциянын уюштуруучулары кумарпоздукка алдырган жаштардын саны артып жатат деп коңгуроо кагышты.

Балдар окуудан өксүп, ал эми чоң кишилер кумар оюндарынан үй-мүлкүн алдырып, ден соолугунан ажыроодо. Ал гана эмес өмүрүнөн ажырагандар да бар экени айтылууда.

Ошол эле кезде кумар бизнесин жабуу менен маселени чечүүгө мүмкүн эмес деген да пикирлер бар. Кумар оюндарынан өлкө бюджетине кыйла акча түшөт.

Бишкектин компьютердик оюн залдарынын биринде окуу мезгилинде тестиер жана өспүрүмдөр кадалып ойноп отурганын көрүүгө болот. Кумар ойногон залдардын биринин администратору Ольганын айтымында, алар 18 жашка толо элек балдарды, мас адамдарды киргизишпейт.

- Биз он сегиз жашка толо элек өспүрүмдөрдү киргизбейбиз. Эгерде он сегизден өйдө болсо, анда ал адам кирип ойной берсе болот.

Ошондой эле бизге кумар оюндарына берилип кеткен адамдын ата-энеси же жакыны кайрылып, сүрөтүн алып келсе анда биз ал адамды экинчи киргизбейбиз.


Акыркы мезгилде бир гана Бишкекте эмес, өлкөнүн бүткүл аймактарында кумар оюндары кеңири жайылып, күнү-түнү жаштарды да, чоңдорду да өзүнө азгырып жатканы, көп адамдар мүлкүнөн жана саламаттыгынан ажырап жатканы айтылууда. Буга байланыштуу “Сезим” кризистик борбору кумар оюн жайларын жабууну талап кылып акция өткөрдү.

Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, кумарпоздукка берилген адам эле эмес, анын туугандары жапа чегип, акыры көз жашын көлдөтүп кайрылып жаткан экен.

- Бул жайылып кетти. Жабыркагандай кайрылбайт, анткени аларда мотивация жок. Жакында эле бизге бар баланын ата-энеси кайрылды. Бир кезде мектепти да мыкты бүтүп, жогорку окуу жайды да кызыл диплом менен аяктап, жакшы кызматта иштеген бала экен. Кумар оюндарынын айынан азыр бардыгынан ажырап калыптыр. Азыр оюн автоматтарынын ээлери “силер укук бузуп жатасыңар, каалагандардын өз эрки” деп айтышат. Анда маң затты деле ачык сата беришсин.

“Казино бизнес эмес, бул арам акча жана бирөөнүн көз жашы”, “Кумар оюндарын таратуучулар, салыкка жамынбагыла” деген сыяктуу ураандарды көтөрүп аянтка чыккандар арасында бир кезде кумарга берилип кеткендер да бар экен.

Светлана Ковалицкая мурда маң зат менен кумарга баш оту менен кирип кеткен.

- Мен да бир кезде кумарга да, баңгизатка да берилген адам элем. Бирок менин азыр көздөгөн максатым башка. Мен бул ооруга кабылган адамдарга жардам берип, аларда кумарды таштагандан кийинки пайда болгон боштондукту толуктоого көмөк көрсөтөм.

“Кумарпоздуктан чыгаруу маң затка берилгендерди айыктыруудан да оор” деди психолог Наталья Павлова.

- Кумарга берилген адамдар өз маселелерин мойнуна алышпайт. Кумар баңгизаттан да жаман. Бул илдетке берилген адамды дарылоо өтө кыйын.

Бирок кумар оюн жайларын жабууга каршы болгондор да четтен чыгат. Маселен, “Кумар жана көңүл ачуучу ассоциациялар” коомунун юристи Элдияр Мамыров кумар бизнеси кыргыз бюджетине кыйла киреше алып келээрин айтат.

- Бул бизнес эч качан өчпөйт. Бул байыркы бизнестин бири. Эгерде мамлекет баарын көзөмөлгө алып, мыйзамдаштырса бюджетке жакшы акча түшөт, экинчинден, жашы он сегизге толо элек балдар кирбей калат эле, үчүнчүдөн, жалаң гана туристтер же болбосо бай адамдар эс алып, ойноочу жайларга айланмак.

Кыргызстанда бир аз тыйын берип ойногон компьютердик залдан тарта, он миңдеген долларды алеки саатта таштап кете турган элиталык казинолор бар.

Бир кезде коомчулуктун басымы астында кумарканаларды жаап көрүшкөн. Бирок андан майнап чыккан эмес, анткени бул бизнес көмүскөгө кирип кеткен да, бийликке жакын адамдарга өз үлүшүн берип турган. Кийин аны кайра ачыкка чыгарууга мажбур болушкан.

Ал эми бир канча жыл мурда Казакстан казинолорго тыюу салганда Алматыдагы эң кирешелүү кумарканалар Бишкекке көчүп келген.

XS
SM
MD
LG