Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Прагада өстүрүлгөн Пржевальск жылкылары мекенин тапты


Чехиядан жөнөтүлгөн Пржевальск тукумундагы төрт бээ жана бир айгыр Монголиянын батышындагы Комин Тал коругуна жеткирилди. Учакта 6 миң чакырым жана унаада 300 чакырым жол жүргөн Пржевальск жылкылары жаңы конушуна көнгөнчө бир нече ай өтөт. Ошондон кийин гана Праганын зоопаркында өскөн төрт ат жергиликтүү 24 кандашына кошулат. Пржевальск тукумундагы жылкылар жапайы жаратылышта 40 жыл мурда кырылып жоголгон. Азыр дүйнөнүн кээ бир зоопарктарында гана бар. Алардын көпчүлгүнүн теги Прага зоопаркында өстүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG