Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Астана Назарбаевдин экс-күйөө баласын экстрадициялоого аракеттенүүдө


Казак бийликтери президент Нурсултан Назарбаевдин мурдакы күйөө баласы Рахат Алиевди өткөрүп берүү өтүнүчү менен Австрия өкмөтүнө дагы бир жолу кайрылды. Бул жөнүндө Казакстан баш прокурорунун найыбы Иван Меркел бейшемби күнү Казак парламентинде билдиргенин "Азаттыктын" Казак кызматы кабарлады. Австрия мурда эки жолу Алиевдин соту адилеттүү болбойт калат деп, эки жолу Астананын экстрадициялоо өтүнүчүн четке каккан. Мурда улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген Рахат Алиев “Нурбанктын” жетекчилери Жолдас Темиралиев менен Айбар Касеновду өлтүргөн деп, өткөн жумада сыртынан айыпталган. Эки банкир 2007-жылы жоголуп кетип, жасаттары быйыл майда Алматыда табылган.

XS
SM
MD
LG