Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Сирияда бийликке нааразы дагы тогуз адам окко учту


Сириянын коопсуздук күчтөрү жума намаздан кийинки анти-өкмөттүк демонстрацияны таркатуу үчүн элге ок атты. Адам укугун коргоочулардын билдиришинче, өлкө борбору Дамаскиде, Кисуах жана Хомс шаарларында полициянын огунан кеминде тогуз киши набыт болгон. Жарадар болгондор жөнүндө так маалымат жок. Алеппо шаарында 15 киши камакка алынган. Бийликтин куугунтуктоосунан коркуп, Түркияга качып өткөн сириялык качкындардын саны жума күнгө карай 11 700гө жеткенин ырасмий Анкара билдирген.

XS
SM
MD
LG