Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Жаштар маңзаттарды колдонууга каршы акция өткөрүүдө


Бүгүн маңзаттарды колдонууга каршы бүткүл дүйнөлүк күнгө карата Бишкекте Y-PEER жаштардын коомдук бирикмеси “Ден соолуктун почтачысы” деп аталган акция өткөрүп жатат.

Иш-чараны уюштуруп жаткандардын “Азаттыкка” билдиришинче, уюмдун ыктыярчылары шаардын бир канча көчөлөрүндөгү ар бир үйгө кайрылуу катын тапшырышат. Кайрылуу катты мурун маңзат колдонгондор өз тажрыйбасына таянып жазган жана анда маңзатты колдонуунун зыяндуу жактары белгиленген, колдонбоого чакырыктар айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда соңку учурларда маңзаттарды колдонгондордун саны өсүүдө жана алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жашайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG