Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:58

Бажы биримдигинин пайда-зыяны боюнча талкуу өтөт


27-июнда Бишкекте Бажы комитети Казакстан, Орусия жана Беларус мамлекеттери түзгөн Бажы биримдигине Кыргызстандын кириши боюнча талкуу өткөрөт. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө кызыкдар деп айткан. Андан соң биримдикке кирүүнүн шарттарын аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

Атамбаев Бажы биримдигине кирүү менен Орусия менен Казакстанда иштеп жаткан алатоолук мигранттардын түйшүгү кыйла жеңилдээрин билдирген. Адистердин айтымында, Кыргызстан аталган биримдикке кошулса, эң биринчи өлкө аркылуу Кытайдан ташылган товарларды реэкспорттоо кескин кыскарат. (EBM)

XS
SM
MD
LG