Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Аба ырайы: шашылыш кабар


26-29-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Кыргызстанда тоолуу жана тоо этектеген аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.

27-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29, Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28 градус жылуу.

Бишкекте 27-июнда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16... 18, күндүз 29... 31 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG