Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Грециянын парламенти үнөмдөө планын талкуулап баштайт


Өкмөттүн салыктарды көбөйтүү жана мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча планынын акчалай көлөмү 28 миллиард евро деп эсептелген. Греция ал планды Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун 110 миллиард евролук насыясынын кийинки бөлүгүн алыш үчүн жактырышы абзел. Анткени грек өкмөтү дефолт болбош үчүн келерки айда эле кредиторлоруна 12 миллиард евро төгүп бериши зарыл. Эл арасында чоң нааразылыктарды жараткан план парламентте 29-июнь күнү колго салынат.

XS
SM
MD
LG