Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Мароккодо конституциялык реформага нааразылар көчөгө чыкты


Бир нече шаарда болгон демонстрациялар учурунда “20 февраль” деген оппозициялык кыймылдын активисттери өлкө падышасы жакында сунуш кылган өзгөрүүлөрдү жетишсиз деп эсептешти. Падыша Мохаммед VI өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн парламентке берерин, бирок армияга, коопсуздук кызматына, диний иштерге көзөмөлдү сактап каларын билдирген. Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдум 1-июлда өтөт. Конституцияны өзгөртүү боюнча иштер Мароккодо араб дүйнөсүндөгү толкундоолордун таасиринен улам демократиялык эркиндиктерди талап кылган нааразылык акцияларынан кийин башталган.

XS
SM
MD
LG