Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Баш прокуратура жабылган экономикалык иштерди кайра жандандырууда


Аталган мекеменин өткөн жума соңундагы билдирүүсүнө караганда, Баш прокурордун кызматына Аида Салянова келгенден кийин түзүлгөн жумушчу топ коомчулуктун кызыгуусун жараткан экономикалык кылмыш иштери боюнча буга чейин кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун иликтеген. Натыйжада токтотулган, токтотулуп коюлган, тергелип жаткан жана соттордун кароосунда турган 132 иш иликтенген. Булардын ичинен тергөөчүлөр тарабынан токтотулган 17, токтотулуп коюлган 62 кылмыш иши боюнча чечимдер жокко чыгарылган. Тергөөсү кайра жанданып жаткандардын арасында мурдагы чиновниктердин, мамлекеттик компаниялардын мурдагы жетекчилеринин , атап айтканда каржы полициясынын мурдагы башчысы Акимжан Муйбиллаевдин, “Кыргызгаздын” мурдагы жетекчиси Автандил Сыдыковдун, “Кыргыз темир жолунун” мурдагы баш директору Асан Рысмендиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери да бар. (UE)

XS
SM
MD
LG