Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

"Эркин Тоо" гезитине 20 жыл


29-июнда Улуттук филармонияда “Эркин Тоо” гезитинин 20 жылдык мааракеси белгиленет. Гезиттин башкы редактору Манас Осмон бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында басылманын 20 жылдыгын өткөрүүгө жетиштүү каражат бөлүнгөнүнө өлкө жетекчилигине ыраазылык билдирип өттү.

“Өкмөт тарабынан бир жылга мыйзамдарды жарыялоого болгону 460 миң сом бөлүнөт. Бул акча өтө аз. Гезитти чыгарууга кеткен калган каражатты өзүбүз табабыз. Ошондуктан азырынча чет мамлекеттерде, айрыкча Орусия менен Казакстанда кабарчыларды алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок,”- деди Манас Осмон.

“Эркин Тоо” 1991-жылы Жогорку Кеңештин гезити катары түзүлгөн. Ал эми 1995-жылы өкмөт карамагына өткөн. Учурда редакцияда 50дөн ашык кызматкер иштейт. (EK)

XS
SM
MD
LG