Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Парламентте ИИМди реформалоо концепциясы талкууланды


27-июнь күнү ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен парламентте ички иштер органдарын реформалоо концепциясынын 2011-2015-жылга болгон долбоору талкууланды. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Талкууга депутаттар, ИИМдин жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, көзөмөлдөө структураларынын, саясий партиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер “Бул жолугушуу жалпы улуттук деңгээлдеги масштабдык кеңеш процессинин бир бөлүгү болуп эсептелет, натыйжада ички иштер органдарын реформалоо концепциясы иштелип чыгат.Ушундай талкууларды өткөрүү менен, парламент реформа жүргүзүүнүн маанисин аныктоодо жана өткөрүлүшүн көзөмөлдөөдө негизги ролду ойной алат. Ички иштер органдарын реформалоо - бүткүл соттук-кылмыш системасын кайра түзүүнүн толук бөлүгү болуш керек”, - деди.

Талкууга катышкан вице-премьер-министр Шамиль Атаханов өкмөт ИИМдин жана жарандык коомдун реформалоо процессин улантуусун колдоорун, бул реформа бардык укук коргоо органдары, өкмөт жана парламенттин кызматташуусу менен ийгиликтγγ өтөөрүн жана талкуулар бул татаал иштеги биринчи кадам болуп эсептелээрин айтты.

Депутаттар акыркы жылдары ИИМ тармагын каржылоо төрт эсеге өскөн менен натыйжа болбой жаткандыгына нааразычылык билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG