Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Мадумаров шайлоо күнүн аныктоо боюнча билдирүү жасады


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров бүгүн тараткан билдирүүсүндө шайлоо күнүнүн жылдырылышын сынга алып, күндү белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык экенин, бирок президенттин айланасындагылар бул туурасында өздөрүнүн чечимдерин мыйзамсыз эле таңуулап жаткандыгын айтып чыкты. “Азаттыкка” бул туурасында берген маегинде Мадумаров “шайлоо маселесинде эч кандай оюн болбошу керектигин” билдирди. “Учурдагы шайлоо маселесиндеги так эместиктер БШК шайлоо жыйынтыгын кийинки жылдын февралынын ортосуна барып чыгарып калышын шарттаганы жатат. Роза Отунбаеванын президенттик милдети жыл соңунда аяктаса, өлкө башчысынын ыйгарым укуктарын ким аткарат?” деп суроо салат саясатчы. Мамлекет башында кишиси жок бир мүнөт калуу улуттук коопсуздукка коркунуч келээрин эскерткен “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы парламенттен шайлоо күнүн так аныктоону суранды. (EK)

XS
SM
MD
LG