Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Палестин колдоочулары Газага гумжардам алып барышат


Палестиндиндердин 22 өлкөдөн чогулган 350 чамалуу колдоочу - мияткерлери ушул аптада Грекиядан Газа секторуна аттанышат. Алар Израилдин камоосундагы аймакка гуманитардык жардам алып бармакчы.

Былтыр майда Газага гумжардам алып бараткан кемеде болгон кагылышта түркиялык тогуз мияткер курман болгон. 2007-жылы Газаны радикалдуу ХАМАС тобу контролдоп калгандан тарта аймак Израилдин камоосунда. Жекшемби күнү Израил өкмөтү Газага бараткан кемеде кармалган чет элдик журналисттер өлкөдөн кууп чыгарыларын жана 10 жылга Израилге кирүүсүнө тыйуу салынарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG