Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Сириянын оппозициясы тынч көтөрүлүштү колдойт


Оппозициянын 100дөн ашуун активисти ушундай ой-пикир айтылган билдирүүнү Дамасктагы кечээги жыйындан кийин таратышты. Анда алар президент Башар Ассадын режимине каршы тынч мүнөздөгү көтөрүлүш аркылуу кысым көргөзөрү белгиленген. Сириялык оппозиция ишмерлеринин кечээги жыйынында кризистен чыгуунун жолдору талкууланды. Бирок оппозициянын айрым ишмерлери менен активисттери коопсуздук күчтөрүнүн режимге каршы чыккандарды басуусу уланып жаткан шартта мындай жыйындар бийликке легитимдүүлүк тартууларын айтышып, аны айыпташты. Активисттердин эсебинде, Ассадды бийликтен кулатуу үчүн демонстрациялар башталган март айынын ортосунан бери 1400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG