Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

“Кең-Булуң”, “Токмок” өтмө бекеттери күнү-түнү иштегенге өттү


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын билдиришинче, бүгүнтөн тарта кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң” жана “Токмок” өтмө бекеттери күн-түнү иштегенге өттү. Буга чейин бекеттер эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин гана ачык болчу. Чек ара кызматынын билдиришинче, мындай өзгөрүү эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын макулдашуусунун негизинде ишке ашууда жана чек арадагы тыгындарды азайтууга багытталат. Азыр эки өлкө ортосундагы 11 өтмө бекеттин төртөө гана иштеп жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG