Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Афинада полиция демонстранттарга каршы газ колдонду


Грекиянын баш калаасында полиция Каржы министрлигине чукул жерге таш, бөтөлкө ыргыткан демонстранттарга каршы көздөн жаш агызган газ колдонду.

Грек парламентинде күтүлгөн тыкыр экономикалык үнөмдөөлөргө баруу тууралуу добуш берүүнү утурлай өлкөдө 48 сааттык иш таштоо башталды.

Мындай чектөө Европа Биримдиги менен Эл аралык валюта корунан келчү 12 миллиард евро каржылык көмөктү алуу үчүн шарт.

Жыл башынан бери төртүнчү ирет өтүп жаткан иш таштоо эки чоң кесиптик биримдиктин уюшуруусу менен өтүүдө.

XS
SM
MD
LG