Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Президенттик шайлоону 30-октябрда өткөрүү сунушталууда


28-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети президенттик шайлоо 30-октябрда өтсүн деген токтом долбоорун фракцияларга сунуштады. “Ата Мекен” фракциясы кечээ жабык эшик артында жыйынга чогулуп, ал долбоорду жактырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков билдирди. Депутат шайлоо күнүн аныктоо жана шайлоого байланышкан мыйзамдар 30-июндагы Жогорку Кеңештин эс алууга чыгуу алдындагы акыркы жыйынында каралуу үчүн даярдалып жаткандыгын кошумчалады.

1-июлдан тарта депутаттар жайкы эс алууга чыгышат. Эгер эртең эл өкүлдөрү шайлоо күнүн дайындоого үлгүрбөй калса, анда президенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө калышы мүмкүн дешет байкоочулар. Баш мыйзамга ылайык, шайлоо президенттин ыйгарым укуктары аяктарына эки ай калганда өтүшү керек.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети ушул беренени негиз карманууда. (ZB)

XS
SM
MD
LG