Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Аба ырайы: шашылыш кабар


30-июндан 2-июлга чейин нөшөрлөп жааган жаандан улам Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектеген аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

30-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым аймактарда жамгыр катуулап жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28, Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24 градус жылуу.

Бишкекте 30-июнда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16... 18, күндүз 27... 29 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG