Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Дүйнөлүк Банк Ош-Баткен-Исфана жолуна 16 миллион доллар берет


Дүйнөлүк Банктын насыялар боюнча программасынын жетекчиси Динара Жолдошованын билдиришинче, аталган банк Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого 16 миллион доллар бөлүүнү чечти. Каражат жолдун Ноокат районунда жайгашкан 18 чакырымын оңдоого жумшалмакчы. Банк 8,8 миллион долларды насыя түрүндө, ал эми 7,2 миллионун грант катары берет.

Ош-Баткен-Исфана жолунун жалпы узундугу 385 чакырымды түзөт жана күнүгө беш миңдей унаа каттайт. Жолду оңдоого Дүйнөлүк Банктан сырткары Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен Европа Биримдиги да каражат бөлүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG