Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Ат-Башы: сел алган мал базар калыбына келтирилди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жылал Тентимишов билдирди. Анын айтымында, 25-26-күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан Ат-Башы айылындагы каналда суу ташкындап, 130 метрлик тосмону алып кеткен. Натыйжада райондук мал базарды суу жууп кеткен.

Тентимишовдун айтымында, оңдоо иштерин райондогу Чукул кырдаалдар министрлиги аймактагы дагы башка мекемелердин жана жергиликтүү тургундардын күчү менен жүргүздү.

Июнь айындагы нөшөрлөп жааган жаандан Кыргызстандын бир катар облустары жабыркады. (EBM)

XS
SM
MD
LG